Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров

Март Революциясы. Коомдук-саясий драма

Страниц

40

Год

В этой незабываемой книге, написанной талантливым автором Замирбеком Өсөровым, раскрывается уникальная драма под названием "Март ыңкылабы" (или "Мартовская революция"). Это произведение искусства повествует о знаменательном событии в истории Кыргызстана – мирной смене власти, произошедшей в марте 2005 года.

На страницах книги мы погружаемся в атмосферу того времени, когда перед страной открывались огромные перспективы, которые, к сожалению, не были полностью реализованы новыми правителями. Это был момент, который мог стать точкой перелома для нашего общества, однако, из-за необходимости объективно оценить происходящее, шанс был упущен.

История полна примеров, когда пропущенные возможности и неосмотрительные решения превращаются в трагедии. В нашей родной стране это тема особенно актуальна и вызывает глубокие размышления. Автор прекрасно передает эти эмоции и делает нас задуматься над тем, что могло бы измениться, если бы мы сумели использовать данный момент в полной мере.

Книга "Март ыңкылабы" – это не только захватывающая драма, но и возможность проникнуться историческими событиями, размышлять об уроках, которые они нам преподносят. Вас ждут занимательные переживания и глубокие мысли, которые, безусловно, не оставят вас равнодушными.

Читать бесплатно онлайн Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров

© Замирбек Өсөров, 2020


ISBN 978-5-0051-3754-8

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Диктор:


Катышуучулар:


Даанышман – жашы 70ке барып калган өлкөгө белгилүү адам, акылы терең аксакал. Совет доорунда көп жылдан бери чоң өндүрүштө жетекчи болуп иштеп келген, эркиндик заманында элди тынбай аракеттенүүгө, эмгек кылууга, өнүгүүгө жана такшалууга чакырган партиянын лидери жана идеологу. Прототиби Садыр Назаров, белгилүү коомдук ишмер, илимпоз, анын сүрөтү китебтин сырткы бетинде берилген.

Рухайым – саясий коомдук ишмер, акын жана философ. Мурдагы ажону кызматтан качып кетуусун бир жыл илгери билип, ошондой эле жаңы президенттин такка келишин алдын ала айтып, ошол тууралуу поэма жазып, коомчулукка кеңири таанылып калган аялзат.

Журналист – мурдагы ажону тактан кетирүү, жаны бийликтин, ажонун келишине олуттуу салымы бар инсан, чыгаан журналист.

Куудул – абдан жөндөмдүү, тез кыймылдаган адам.

Революциянын коргоочулары – жылаңач батырлар, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер.

Революцияга каршы тарап – ак-шапкечендер, акаевдин идеологдору, ишмерлери, чинолвниктери, журналисттер жана башкалар.

Балитолог – бөтөн улуу өлкөнүн өкүлү, ыңкылапты төңкөрүшкө айландырууга өмүрүн арнаган, ошонун эсебинен жанын баккан политолог.

Саясий желмогуздар – эски бийлик тарабындагы көзү ачыктар, кошокчулар, дуба салуу, көздү боемолоо жана башка магиянын өнөрчүлүгү менен ынтызарланган өлкөбүздөгү кара көчтөр.

Элдин үнү – Ала-Тоо аянтында чогулган адамдардын алыстан угулуп турган сөздөрү, чакырыктары, ураандары.

Диктор – өзү сценага көрүнбөй, трибунага чыккан же экранда пайда болгон адамдарды тааныштырып, алар тууралуу сөз кылып же аларга сөз берип турган актер.

Эпизоддордо катышкандар:

Кыргызстандын бугунку Ажосу

Кыргызстандын экс-Ажосу

Кыргызстандык коомдук жана саясий ишмерлери

Дастан Сарыгулов, Азимбек Бекназаров,Омурбек Текебаев, Феликс Кулов, Мелис Эшимканов жана башкалар.


Диктор:

Ушул күнгө чейин талаш түгөнбөдү:

Бул эмне болду – ыңкылаппы

Же төңкөрүшпү?

Ушул күндү тосуп,

Биз сүйүнүп жыргайлыбы

Же боздоп ыйлайлыбы?

Мурдагы бийликти атадай көргөндөр

Коомдун пикирин ача бөлгөндөр,

Атасыз калгандай өкүрүп,

Катуу эле убайым тартты

Саясатчылардын бир даары.


Бул тарыхый соболго

Эң туура жоопту берет биздин драма.

Асмандын да жердин күчтөрүнүн

Бири-бири менен кармашканын,

Бийик жана пас заттардын мелдешин,

Ортодо өз пайдасын көздөп кычаганын,

Же жөн эле бийлик оорусунан курттаганын,

Трайбализмден айыкпаганын —

Баардыгынын бет ачары башталды.

Кандай болсо да, мекендештерим,

Кудай тарапта дайым болууга аракеттенели.


Биз бул тарыхый драманын

Шекспирге тең келебиз деп жаратпадык,

Өлкөбүздүн атагы менен кадыр-баркы

Англиядан кем эмес болсун деп саамадык,

Президентибиздин түбөлүк түспөлү

Авраам Линкольндун турсун деп катарында.

Эмне болот мунун аягында

Баардыгыбыз күбө болобуз убагында.

А бирок мезгил өтө электе, туугандар,

Улуу тарыхый ролду ойноого далбас уралы,

Кийин баардыгы өтүп, калбайлы арманда,

Бизден кийңки урпак-туягыбыз,

Сыймыктанып өссүн бизди эскерип

Жакшы эле болгон аталар деп,

Март ыңкылабын жаратууга жараган деп,

Кетирбей биз кетирген каталарды.

Биринчи акт

Ак-Үйдүн кулаганы


Көшөгө ачылары менен чоң экранда Ала-Тоо аянты, 2005-жылдын 24-мартындагы тарыхый окуялардын финалдык көрүнүшү чагылдырылат. Ак-Үйдүн чабуулу, кулаганы, кыргыз элинин стихиялуу түрдө, толкун сыяктуу жети кабаттуу өкмөт үйүнө каптап киргени. Элдин революциясы иш-жүзүнө ашты. Акырындык менен экрандан миңдеген элдин, ыңкылаптын үнү басылып, аягында фильм токтоп, экранда Ак-Үй, анын айнектеринен карапайым элдердин сүйүнгөн жүздөрү көрүнгөн сүрөт гана фон катары бул актынын аягына чейин экранда калат.